2022-жылдын 16-февралында Нарын районундагы Орто-Нура айылындагы “Чоң –Эне бала бакчасында “Билимге карай кеткен жол-бала бакчадан башталат” аттуу семинар болуп өткөрүлдү.
Семинардын максаты:
Балдарга билим тарбия берүүдө жаңы усулдарды колдонуу ишмердүүлүгүн тарбиячылар арасында жайылтуу. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинет башчысы Б.Исакова жана усулчу С.Сыдыкбаева, “Чоң эне” бала бакчасынын көзөмөлчүлөр кеңешинин төрагасы К.Молдогазиев жана “Гүлназик”, “Нур-Байгазак”, “Чет-Нура”,”Бактылуу бала”, “Аруу-Тилек” бала бакчаларынын жетекчилери жана тарбиячылары катышты.
В.Токтакунова “Максат деген эмне?” деген темада сабактарга максатты туура коюуу боюнча, бала бакча тарбиячылары З.Мусаева, Д.Каниметовалар акыркы усулдарды колдонуу менен сабактарды өтүштү. Мед айым А.Бобекова балдардын денесин чыңдоочу көнүгүүлөрдү өзү даярдаган массаж килемчеси менен көргөзүп берсе, бала бакчанын кызматкерлери тарабынан коюлган куурчак театры 21-февраль Эл аралык тил күнүнө карата “Көмөч”жомогун жогорку чеберчилик менен ойноп беришип көпчүлүктүн көңүлүн бурду.