Нарын районуна караштуу 8-март айылынын Мурат Осмонов атындагы орто мектебинде 2023-жылдын 8-декабрында облустук семинар болуп өттү.
Семинардын темасы “Окуу жана математикалык сабаттуулукту өнүктүрүү”
Семинардын максаты: Окуучулардын турмуштук маанилүү көндүмдөрүн калыптандыруу менен заманга шайкеш, мезгилге татыктуу, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.
ЖРТга даярдануу – келечекке карай кадам, “Билим көптүк кылбайт,өнөр аздык кылбайт” деген темада иш чаралар ошондой эле “Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!” долбоорунун негизинде сынак өттү. Кружокко катышкан окуучулар менен бирдикте “Эко-STEM биздин турмушубузда”, “Санарип мугалим замандын талабы” деген аталышта иш чаралар, жана интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен ачык сабактар өтүлдү. “Кылымдарды карыткан Айтматов” аталышында концерттик программа коюлуп, окуучулар өзүлөрүнүн аткаруучулук чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.
Семинарга Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунан, Нарын шарынан өкүлдөр, Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Мамытов, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г. Исакова, усулдук кабинетинин жетекчиси Б. Исакова жана усулчулар катышышты. Семинардын катышуучулары семинар жогорку деңгээлде өтулдү деген бааларын берип, семинардын уюштуруучуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти.