Нарын районундагы Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебинде окуу бөлүм башчыларына семинар-тренинг болуп өткөрүлдү.
Тренингди Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинеттин башчысы Исакова Бурулсун өткөрдү.
Семинар-тренингдин темасы: “Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү”
Тренингде-Үзгүлтүксүз кесиптик өсүш үлгүсүнүн процесстериндеги өзгөрүүлөрдү жана анын таянычтарын, ”Мектептер арасында өнөктөш мамилелерди уюштуруу боюнча колдонмонун” жана “Практиктер коомдоштуктарын” уюштуруу жана колдоо боюнча колдонмонун принциптерине, механизмдерине таянып, мектепти өнүктүрүү планын түзүү, окуу бөлүм башчыларына окутуунун инновациялык стратегияларын жана методдорун өздөштүрүү процессин жакшыртууга усулдук колдоо көрсөтүлдү. Ошону менен бирге окуу бөлүм башчыларынын иш аракеттерин жакшыртуу жана предметтик мугалимдер менен үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн өркүндөтүү, окуучулардын билим сапатын учурдун талабына ылайык көтөрүү жагы талкууланды.
Эффективдүү иштөө үчүн, тренингден кийин материалдарды колдонууга, мугалимдерге кайтарым байланышты камсыздоонун болжолдуу структурасын, методикалык иштерди пландаштыруу инструменттерин, методикалык окуялардын үлгүлөрүн, калыптандыруучу баалоону өткөрүү боюнча көрсөтмөлөрдү ала алышты.