10-11-12 -ноябрь күндөрү Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы орто мектебинде USAIDДдин «Окуу керемет!» долбоору алкагында тренинг өткөрүлдү.
USAIDДдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында уюштурулган тренингге Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана усулчулары, мектеп жетекчилери жана окуу бөлүм башчылары катышышты.
Тренингдин максаты
-Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчуларына, мектеп жетекчилерине жана окуу бөлүм башчыларына башталгыч класстарынын мугалимдерине окууну жана жазууну окутуунун инновациялык стратегияларын жана методдорун өздөштүрүү процессин жакшыртууга усулдук колдоо көрсөтүү.
Тренингге Нарын районундагы USAIDДдин «Окуу керемет!» долбооруна кирген 25 мектептин жетекчилери жана окуу бөлүм башчылары толугу менен катышып, эффективдүү иштөө үчүн, тренингден кийин материалдарды колдонууга, мугалимдерге кайтарым байланышты камсыздоонун болжолдуу структурасын , методикалык иштерди пландаштыруу инстументтерин, методикалык окуялардын үлгүлөрүн, калыптандыруучу баалоону өткөрүү боюнча көрсөтмөлөрдү ала алышты.Катышкан ар бир жетекчиге планшеттер таратылып планшет аркылуу окуучулардын сабакка катышуусун, сабакка байкоо жүргүзүү боюнча кенен маалымат алышты.