«Окуу керемет» долбоорунун алкагында райондук семинар өткөрүлдү

12-апрель күнү Түгөл уулу усупбек атындагы орто мектебинде «Окуу керемет» долбоорунун алкагында райондук семинар өткөрүлдү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүн өкүлдөрү жана райондук мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери катышышты.

Бул иш-чарада мектебибиздин башталгыч классынын мугалимдери келген катышуучуларга «Окуу керемет» долбоорунун негизинде сабактарды өтүшүп, мастер класстарды өткөрө алышты.

Башталгыч классынын мугалими Дамира Сейдинова ата-энелер менен биргеликте окуучуларга математика сабагына кошумча кантип жардам берүү керектиги тууралуу мастер класс көрсөтө алды.

Башталгыч классынын мугалими Чолпон Ашымова ата-энелер, окуучулар менен биргеликте китеп окуунун пайдасы, артыкчылыктары тууралуу тарбиялык сабак өттү. Мында аталардын активдүүлүгү катышуучуларга абдан жакты.

Башталгыч классынын мугалими Жүзүмкан Аскарова математика сабагы боюнча ачык сабак өттү. Бул сабакта  «Окуу керемет» долбоорунун негизинде стратегияларды пайдаланылып, маселени чыгаруунун бир нече жолу боюнча түшүнүк берилди. Окуучулар өз алдынча маселелерди чыгара алышты.

Башталгыч классынын мугалими Клара Абдыкадырова долбоор тууралуу төмөнкүдөй ой билдирди:

«Биз «Окуу керемет»долбоору менен иштеп жатабыз.Өзүбүздүн ишибизде жана балдарга терең билим берүүдө бул долбоордун көп пайдалуу жактары жана жардамы чоң болуп жатат.Мектебибизде өрөөн аралык семинар болуп өтүп,мен математика сабагынан Моделдердин көптүгү стратегиясын пайдаланып КГА ыкмасы менен сабак өтүп бердим.Бул учурда берилген бир материалдын үстүндө конкреттүү,графикалык жана абстрактуу көрсөтүп беришет.Бул стратегияны колдонуу менен балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө ,өз алдынча иштөөгө көндүрүүгө болоорун айта кетким келет.»

Башталгыч классынын мугалими Чынара Абдыкеримова математика предмети боюнча ачык сабак өттү. Сабак класстан тышкары ата-эне менен бирге окуу максатында окуучулардын математикалык ой-жүгүртүүсүн калыптандыруу жага геометриялык фигураларды пайдалануу, аны турмуш менен байланыштыра билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөгөн.

Башталгыч классынын мугалими Сонун Асаналиева математика сабагы предмети боюнча ачык сабак өттү. Мында окуучулар бөлүүнүн касиеттери, эрежелери, компонеттери тууралуу маалымат алып, өз алдынча маселелерди чыгара алышты.

Башталгыч классынын мугалими Бактыгул Сарматова математика предмети боюнча ачык сабак тт. Сабакта окуучулар көлөмдүү фигуралар жана куб жөнүндө, анын грандары, кырлары, толук беттеринин аянтын табуу боюнча маалымат алышты, маселе чыгарышты. Берилген тапшырмаларды аткарууда окуучулар геоборддордо, чекиттүү барактарда  жекече, жуптарда, топтордо иштешти.

«Окуу керемет» долбоорунун алкагында Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалимдери менен Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин жетекчиси Бурулсун Исакова иш алып барган.  Долбоордун жүрүшүндө мугалимдер жаңы билимдерге ээ болуп, тажрыйбаларды топтой алышты.

Адылхан Эсенгулов

Усупбекстан медиаборбору

Добавить комментарий