ОКУУЧУЛАР АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫКТАН ӨТҮШТҮ!

     Нарын райондук билим берүү бөлүмү,  Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаты менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри жана Кыргыз Республикасынынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынанан бекитилген окуучулары арасында өткөрүлүүчү аскердик спортун түрлөрү боюнча Спартакиаданын райондук туру, 2023-жылдын 14-апрелинде Нарын шаарындагы  Ала-Тоо стадионунда  болуп өттү. Спартакиада окуучулардын мекенди коргоого даярдыгын калыптандыруу, жаштарды аскердик патриоттуулука тарбиялоо, окуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, өсүп келе жаткан муундардын биримдигин калыптандыруу максатын көздөдү.

       Спартакиадага Нарын районуна караштуу мектептерден 5 команда ат салышып төмөнкү тапшырмаларды аткарышты. 

  1. Саптык кароо
  2. 1000 мертрге чуркоо
  3. Турнике тартынуу
  4. Алыстыка граната ыргытуу
  5. 100 метрге чуркоо
  6. Автоматты чачып кайра куроо
  7. Пневматикалык мылтыктан ок атуу                                                 

     Иш чарага окуучулардын коопсуздугун алдын алуу жана көзөмөлдөө максатында Нарын облустук үй-бүлөөлүк медицина борбору, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кыз маткерлери катышты. 

     Жыйынтыгында, Мурат Осмонов  атындагы орто мектеби 1-орунду ээлеп облустук турга жолдомо алса, Аблылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары 2-орунду, Бейшеналы Бекжанов атындагы орто мектебинин окуучулары 3-орунду камсыз кылышып грамота, белектер менен сыйланышты. 

     Спартакиадада ийгилик жараткан мектеп жетекчилигине, мугалимдерге жана командаларга ийгилик каалайбыз.

Нарын райондук билим берүү бөлүмү

 

Добавить комментарий