Предметтерди интеграциялап окутуу

2023-жылдын  22-декабрында Нарын районундагы Жер-Көчкү айылындагы Баймоңол Кыязов атындагы орто мектебинде жана
“Ак-Ниет-Айгүл” бала бакчасында өрөөндүк семинар өткөрүлдү.

Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинеттин жетекчиси Бурулсун Исакова, усулчу С.Сыдыкбаева, Эмгекчил өрөөнүнүн жетекчилери ,мугалимдер  жана бала бакча тарбиячылары  катышышты.

Семинардын темасы: Предметтерди интеграциялап окутуу”.

Семинардын максаты: Ар бир окуучунун табигый мүмкүнчүлүгүн, шыгын, жөндөмүн аныктап билим берүүдө окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу”.

Мугалимдердин жана тарбиячылардын  иш тажрыйбасын жайылтуу максатында “Ак-Ниет-Айгүл” бала бакчасында да “Үй-бүлө  коомчулук менен иш алып баруу” деген темада семинар өткөрүлүп , математика , орус тили жана ата-энелер менен биргеликте “Балдардын сүйлөө кебин өстүрүү жана акыл эс жөндөмү” деген  темада  ата-энелердин катышуусу менен тарбиялык сааттар өткөрүлдү.

 

Добавить комментарий