Санариптештирүү-билим берүү тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө!

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинде “Тестирлөөчү программаларды колдонуу жолдору” аттуу семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, усулдук борбордун  жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна   жана райондун мектептеринин окуу бөлүмүнүн башчылары менен биргеликте информатика сабагынын мугалимдери катышышты.

Семинар катышуучулар үчүн Zipgrade, Google Forms  программалары аркылуу билим берүү сапатынын мониторингин жүргүзүнүү үйрөнүү максатын көздөп, теориялык жана практикалык бөлүмдөрүн камтыды. Zipgrade программасы тууралуу жана ЖРТга кандай даярдыктарды көрүү экендигин тренер, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүн өкүлү Абдыбачаев  Адилет   мугалимдерге маалымат берди. Семинардын практикалык бөлүмүндө Адилет агай катышуучуларга Zipgrade программасында телефон аркылуу кантип иштөө керектигин көрсөтүп, ар бир кадамын түшүндүрүп берди. Катышуучулар ноутбукта жана телефондор аркылуу иштөө менен тажрыйба  топтой алышты.

Мектептин информатика сабагынын мугалими Алмазбекова Акылай  келген мугалимдерге  Google Forms  программасында тесттерди түзүү, тесттик иштердин жыйынтыктарын көрүү жана мониторинг чыгаруу жолдорун айтып берди. Семинардын катышуучулары өзүлөрү үчүн жаңы билим алуу менен практика жүзүндө жакшы тажрыйба топтой  алышкандыгын белгилешти.

 

 

Добавить комментарий