санариптик билим берүү боюнча окутуу

Лира Самыкбаева Нарын облусунда санариптик билим берүү боюнча окутуу өткөрдү

2025-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева Нарын шаарындагы Салымбеков университетинин конференц-залында Нарын облусунун билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн окутуу иш-чарасын өткөрдү.  Окутууга Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы  жана райондогу 32 билим берүү уюмдарынын директорлору катышты. Катышуучуларга заманбап санариптик куралдар, платформалар жана алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын негизги максаты — санариптик билим берүү платформаларын натыйжалуу колдонуу, мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана заманбап технологияларды билим берүү процессине интеграциялоо боюнча жетекчилердин компетенциясын арттыруу .

 

 

 

 

 

Жооп калтыруу