Нарын райондук билим берүү бөлүмү 2020-2021-окуу жыл ичинде Кыргыз Республикасынын «Билим берүү», «Мугалимдердин статусу», “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын ысык тамагын уюштуруу”, “Мектепке чейинки билим берүү” жөнүндөгү мыйзамдарын, мамлекеттик программаларын жана токтомдорун турмушка ашыруу багытында иштерди жүргүзүп келди.
Нарын районунда 32 орто, 2 башталгыч мектептери, 1 балдардын чыгармачылык билим борбору жана 35 бала бакчалар бар. Район боюнча жалпы 1006 мугалим эмгектенишип, 35 бала бакчада 1896 бала тарбияланып, 158 тарбиячы иш алып барышты. 1006 мугалимден 924у жогорку, 85 атайын орто, 62 жаш мугалимдер, 168 мугалим пенсия курагындагылар.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 8-сентябрындагы №172-б буйругу менен 2020-2021-окуу жылында класс-комплектиси, жалпы 9805 окуучу 521 класс комплектиде бекитилди. Мектепке чейинки даярдоо 480 сааттык программа менен окуган 44 класс комплекти, 773 окуучу билим алышты. 2020-2021-окуу жылында 1-класска 963 бала кабыл алынса, быйылкы жаңы окуу жылында 990 окуучу болжолдонулууда. Билим берүү кызматкерлеринин жана окуучулар менен тарбиялануучулардын ден соолук коопсуздугун коргоо максатында, бүгүнкү күнгө COVID 19га каршы, медициналык бошотууну эске албаганда, 100% эмдөө жүргүзүлдү. Мектеп окуучулары китеп менен камсыз болуусу 2020-жылы 83%ды түзсө, 2021-жылы 84%ды түздү. Быйыл 1240 окуу китептери түшүрүлдү.
2021-жылдын 1-февралынан тартып Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.2021-жылындагы № 16-б буйругунун негизинде Нарын районунун жашы жете элек балдарга карата зомбулукту, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр арасында суицид, кылмыштуулук жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары А. Орозказиева жетектеген, райондук прокуратура, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, ИДН жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте графикке ылайык райондун ар бир айылында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Райондун 34 мектебинде “Аялдарга жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту алдын алуу” темасында 2021-жылдын биринчи кварталында жалпы 102 класстык саат, ата-энелер менен 34 жолугушуу, 28 тегерек стол жана 98 ачык сабактар өткөрүлдү. ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбооруна 25 мектеп кирип, башталгыч класстын 172 мугалими жана 25 китепканачылары окуп жатышат.Энелер мектеби боюнча «Үй-бүлөдө тарбиялоонун багыттары», «Бала тарбиясында ата-эненин жеке үлгүсү», «Үй-бүлөдөгү моралдык-психикалык климат жана балдардын өсүүсүнүн мааниси» аталышындагы семинар-тренингдер өтүлдү.
Республикалык “2021-Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын облустук туруна 5 тайпа Казалы Абиров «Асылзат», Мукаш Мамбетов «Мааникер»,
Эшбай Токсобаев «Күн баян», Баймонол Кыязов «Ой жайлоо», Түгөл уулу Усупбек «Таберик» тайпалары катышып, 1-орунду Эшбай Токсобаев, 2-орун Казалы Абиров, 3-орун Мукаш Мамбетов атындагы орто мектебинин окуучулары ээ болуп, Республикалык турга жолдомо алышты. Республикалык турдан Казалы Абиров атындагы орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Асылзат» тобу 1-орунду камсыз кылды. Топту кыргыз тили жана адабияты мугалими Токтакунова Үмүтөр жетектейт. Конкурстан сырткары Республикалык турга катышып, баш байгеге Баймонол Кыязов атындагы орто мектебинин «Ой жайлоо» тайпасы ээ болушса, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин «Таберик» тайпасы 3-орунду камсыз кылышты.«Жыл мугалими 2021» райондук кароо сынагы өткөрүлүп, Жакып Өмуралиев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Качкын кызы Анара баш байгени багындырды.
1-орунду Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жакишова Гүлшара;
2-орунду Жусуп Иманалиев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Молдосалиева Айнура;
3-орунду Бейшеналы Бекжанов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бектурова Гүлзат алышты.
Окуучулардын ысык тамагын оптималдаштыруу максатында Нарын районундагы 34 мектептин ичинен 32 мектеп ысык тамакка кирген. Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-Түлүк программасына 23, Мерси Ко долбоорунан 9 мектеп кирди. Бул долбоорлорго кирүүнүн алдында ар бир мектеп техникалык инженердин сунушу менен ашканаларды айыл өкмөттөрдүн , ата-энелердин жардамы менен реконструкциялап ремонттон өткөрдү. Бүгүнкү күндө 1-4-класстын окуучуларына жумасына 4-5 күндөн өкмөттүн ар бир балага бөлүнгөн 10 сом жана ата-энелердин колдоосу менен ысык тамак берилет. Андан сырткары кээ бир мектептер көмөкчү чарбаларды иштетип, пайдаланышат. Жылына эки жолу ашпозчулардын арасында мастер-класс өткөрүлөт. Андан сырткары кээ бир мектептерибиз ата-энелердин колдоосу менен 480-сааттын окуучуларына ысык тамак беришүүдө. 2020-2021-окуу жылында Омор уулу Кожоке атындагы орто жана Төш-Булак башталгыч мектептери БУДАТП 9-кезегине кирип, жабдуулар менен камсыз болду. Райондун толук 34 мектебинде ысык тамак берилет.
Райондун 5 мектебинде 8 автоунаа менен жалпы 222 окуучуга ташуу уюштурулган. Айдоочулардын айлык акылары райондук билим берүү бөлүмү тарабынан төлөнүп, күйүүчү майы, автоунаанын тетиктери айыл өкмөттөр тарабынан каржыланат.
Жыйынтыгында мугалимдердин август кенешмесинде 2021-2022-окуу жылына аткарылуучу милдеттер коюлду.