20-апрелде Нарын районуна караштуу Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинде облустук денгээлде 23-апрель китеп кунуно карата семинар откорулду. «Сапаттуу билим- жаны муунга жаныча билим жана тарбия беруу» деген теманын алкагында болду. Семинарга Нарын облусунун усулдук борборунун метод кабинет жетекчиси Г.Таранчиева, Профессор жана Алиппе китебинин автору Сулайман Рысбаев , Окуу керемет долбоорунун координатору А.Жунусакунова,Ак -Талаа райондук билим беруу болумунун башчысы К.Эсеналиев, райондордон методисттер жана мектеп директорлору,мугалимдер катышты. Семинарда бугунку кундун талабы болгон жана тема айтып тургандай жаныча билим беруунун ыкмаларын пайдаланып сабактар корсотулду. Айтып кетсек: Окуу керемет долбоорунун алкагындагы стратегиялардын негизинде башталгыч класстар окуу жана математикадан сабак, STEM билим беруу технологиясын жана геймификация методдорун пайдаланып бир нече сабактар жана келген кесиптештерге тренинг отуп беришти. Ошону менен бирге ийримдердин иштери менен тааныша алышты. Алсак : интеллектуалдык таймаш «Манас таануу » боюнча, бул ийримге Нарын районунун республикалык таймашта байгелуу орундарга ээ болгон мектептердин окуучулары менен бирдикте откорулду,орус тили сабагынан «Посиделки на скамейке» аттуу ийрим корсотулду. Энелер мектеби, мыкты мугалим- мыкты мектеп деген аталышта тренингдер болду. Окуу керемет долбоорунун алкагында китеп коргозмосу уюштурулду. Алиппенин автору Сулайман Рысбаев башталгыч класстарынын окуучуларына жомок окуп берди,окуучулар ынтызаарлык менен угушуп оздорун кызыктырган суроолорун авторго узатышты. Кызыктуу маек болду. Мектептин мугалимдери бугунку кундо чыгармачылык менен изденип иштеп жатышат. Окуучуларга алган билимдерин турмуш менен айкалыштырып сабактарын отуп келишет. Нарын райондук билим беруу болумунун башчысы Г.Исакова семинарды жыйынтыктап жатып ,мектептин буга чейинки жазаган иштерин жана келечекте алдыга койгон максаттарын белгилеп,ийгиликтерди каалады.
Рубрики
Архивы
- Май 2024
- Апрель 2024
- Январь 2024
- Декабрь 2023
- Октябрь 2023
- Сентябрь 2023
- Август 2023
- Июль 2023
- Июнь 2023
- Май 2023
- Апрель 2023
- Март 2023
- Февраль 2023
- Январь 2023
- Декабрь 2022
- Ноябрь 2022
- Октябрь 2022
- Сентябрь 2022
- Июль 2022
- Май 2022
- Март 2022
- Февраль 2022
- Январь 2022
- Декабрь 2021
- Ноябрь 2021
- Октябрь 2021
- Сентябрь 2021
- Март 2020
- Февраль 2020