2023-жылдын 21- августунан 24- августуна чейин Нарын районунун бардык мектептеринин предметтик мугалимдерине Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г. Исакова, усулдук кабинеттин жетекчиси Б. Исакова жана усулчулар тарабынан секциялык иштер өткөрүлдү.Секциялык иште 2023-2024-окуу жылындагы календарлык пландар, PISA 2025, олимпиада, ОРТ, “Алтын тамга” жана башка аткарылуучу иштер талкууланды. Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г Исакова предметтик мугалимдерге жакшы каалоо тилектерди айтып, жаңы окуу жылында жаңы күч менен алдыга койгон максаттарга жетүүгө тилектештигин билдирди. Келе жаткан жаңы окуу жылында жалпы мугалимдерге чың ден- соолук, узун өмүр, иштерине ийгиликтерди каалайбыз! Алдыдагы окуу жылыбызда көптөгөн ийгиликтер коштосун!