“Тил өркөчү жакшы сөз”

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин сактоо жана өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү мыйзамын аткарууга алуу максатында,
Бүгүн 2025-жылдын 25-февралында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен жарык көргөн Учкун айылындагы Э.Токсобаев орто мектебинин мугалими З. Мамаеванын “Тил өркөчү жакшы сөз” аталышындагы ырлар жыйнагынан турган китептин бет ачаары Учкун айылынын Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүндө өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын Нарын облусундагы өкүлү Кадыркул Бугубаев, жарык көргөн китептин башкы редактору Байысбек Жанышов, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун адиси Гүлзар Азимова, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Рыскүл Абыкеева, Нарын районундагы мектептердин директорлору жана районубуздагы мектептердин чыгармачыл калемгер мугалимдери, айыл эли, мектеп окуучулары катышты.
Кеченин катышуучулары Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучулары З.Мамаеванын калемине таандык ырларды көркөм окушса, ал эми окуучуларга тил тууралуу суроолор камтылган викториналык тапшырмалар берилди. Кеченин башталышында окуучуларга “Менин тилим” аталышындагы темада ой-толгоо жазуу жана З.Мамаеванын калемине таандык ырлардан көркөм окуу конкурстук тапшырмасы берилди. Калыстар тобу эң мыкты – деп, тапкан дил баяндын жана көркөм окуунун катышуучуларына 1-2-3-орундар берилип мектеп администрациясынын грамотасы жана Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалган жомок китептер белекке берилди.
Бул акындын алгачкы ырлар жыйнагы. Бул жыйнакта ар кандай курактагы инсандарга таалим- тарбия берүүчү накыл кептер ыр түрүндө жазылган. Ошондой эле Мамлекеттик тилди даңазалоо, адамзаттын өзүнүн эне тилинин улуулугу, ыйыктыгы, кыргыз тилинин келечегине бушайман болгон ой-толгоолор, ата журтка, ата-энеге болгон сүйүү, кусалык, сагыныч да камтылган. Иш- чаранын жыйынтыгында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыясы кургай элек китептин автору З.Мамаева Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана тиешелүү адамдар Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынан Ардак грамоталары иш чараны чагылдырган Нарын телевидениесинин кабарчысы Наргиза Жумадил, Э.Токсобаев атындагы орто мектептин администрациясынын ыраазычылык каты менен сыйланышты.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында, калемгерлерди колдоо иштери дагы да улана бермекчи.

Жооп калтыруу