ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫ — БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АРАКЕТТЕНҮҮ!

Учурда ааламдашуу доорунда адамзат бир катар глобалдык көйгөйлөрдү чечүү менен алек болууда. Дал ошол көйгөйлөрдүн орчундууларын тизмекке алып, Бириккен улуттар уюму тарабынан кабыл алынган «Туруктуу өнүгүү максаттарын» жүзөгө ашырууда өлкөбүздүн патриот жарандары жан үрөп кызмат кылууда.

Дал ошондой иш аракеттерди жасап жаткан «CAMP  Ала Тоо» коомдук фондусу тарабынан мугалимдер үчүн колдонмо иштелип чыгып, сыноодон өткөрүлгөн. Туруктуу өнүгүү максаттарын жүзөгө ашыруу багытында, жайыттарды туруктуу башкаруу, климаттык
өзгөрүүгө ыңгайлашуу жана токойлорду туруктуу башкаруу аталышындагы үч бөлүмдөн турган колдонмо, келечек муундарды социализациялоого зор өбөлгө болоору шексиз.

     Мындай баалуу маалыматтар камтылган эмгекти тоолуу Нарын жергесинде эмгектенген агай-эжелерге жеткирүү максатында И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Джунушалиева Калиман Кеңешбековна жана ушул эле окуу жайдын окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Шамканова Гульмира Жылкычиевналар келишти.

 

     Нарын районунун мугалимдери үчүн өтүлгөн семинарга Нарын районунун география жана биология сабагынын мугалимдеринен 32, Нарын облустук мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу борборунун кызматкерлеринен 9  болуп, жалпы 41 катышуучу болду. Жыйынтыгында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова катышкан жыйында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Семинар — тренингдин тренерлери Калиман Джунушалиева жана Гульмира Шамканова эжекелерибиздин патриоттук кадамдары семинардын катышуучуларынын көңүлүн өзүнө бурду. Себеби, өтө маңыздуу жана пайдалуу болду. Жеке каражаттарын жумшоо менен мындай семинарларды уюштуруу ар кимдин колунан келе берчүү иш эмес. Иш чараны уюштурууда Нарын облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунун кызматкери Койчуманова Майрамкүл Абдыкеримовнанын салымы зор.

Өлкөбүздүн Президенти жарыялаган «Жашыл Мурас» акциясынын алкагында бул иш чара келечек муундардын табиятка болгон мамилесин, токойлордун, жайыттардын, табиятыбызды баалап, мамилесин оңдоо үчүн зор өбөлгө боло алды десек болот.

 

Мындай баалуу иш чаранын өтүлүшүнө кошкон зор салымы үчүн «CAMP Ала —  Тоо» коомдук фондусуна,  И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Джунушалиева Калиман Кеңешбековнага, ушул эле окуу жайдын окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Шамканова Гульмира Жылкычиевнага, Нарын облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу борборуна, борбордун кызматкери  Койчуманова Майрамкүл Абдыкеримовнага, базалык колдоосу үчүн К. Жакыпов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына жана жетекчиси Ашыр Усубалиевге терең ыраазычылык билдиребиз.

Нарын райондук  билим берүү бөлүмү

Добавить комментарий