ТЫНЧТЫК КЛУБДАРЫ — КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КОНЦЕПЦИЯСЫ ҮЧҮН

2023-жылдын 8-июнунан тартып Нарын облусунун мектептери үчүн «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруу максатында тренингдер орун алды. Тренинг жана ишке ашыру идеясы IPD эл аралык уюмуна таандык. Алгач бул тренингге мектептерден келген өкүлдөр чеберчилигин жогорулатышса, кийин алар мектептерге окуучулардын тынчтык клубдарын ачып, алар менен биргеликте концепцияны ишке ашыруу үчун кадам ташташат.

Эске сала кетсек, Нарын районундагы билим берүү мекемелеринен 4 мектеп пилоттук мектеп М.Иманалиев, Керимбай уулу Сарыбай, А.Жутакеев, Э.Токсобаев атындагы жалпы билим берүү мекемелери тандалып алынса, 8 мугалим чеберчилигин жогорулатып, 64 окуучу атайын окуулардан өтүштү.

Иш чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талант Ашырбаев, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Жаныбек Турдаалы уулу катышты. Долбоордун Нарын райондук координатору катары бөлүмдүн усулчусу Казыбек Асылбеков иш алып барууда.

Нарын райондук билим берүү бөлүмү

Добавить комментарий