Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен 2022-жылдын 9-декабрь күнү Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинде «Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен улутубуз сакталат» аттуу сынак болуп өттү. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги менен өтүлүп жаткан иш чара Нарын райондук билим берүү бөлүмү, Нарын райондук маданият бөлүмү жана Нарын райондук китепкана кызматкерлеринин биргелешкен күчү жүзөгө ашырылды. Иш чаранын өзгөчөлүгү сынакка даярдануу учурундагы иш аракетке көңүл бурулгандыктан окуучу — мектеп — ата-эне биргелешкен командасынын иш алып баруусу, мугалимдердин электрондук китептерди жасоо боюнча атайын окуулар уюштурулду. Сынак өз максатына жетип бир катар мектептер жемиштүү иш алып барышты.
Жыйынтыгында, сынакка Нарын районунан 32 орто мектебинен окуучулар, мугалимдер жана ата-энелерден турган топтордун эмгектери каралып, комиссия өз баасын берип, орундар аныкталды. Баш байге «Бугу Эне» Ж.Саламатов, 1-орун «Манастын төрөлүшү» К.Рысмендиев, 2-орун «Ак Мөөр» Ж.Өмүралиев, 3-орун «Курманжан Датка» Ө.Токтосунов орто мектептери камсыз кылышты.
Өсүп келе жаткан муундардын жаркын келечеги үчүн аракет кылып жаткан Нарын райондук мамлекеттик администрациясына, Нарын райондук маданият бөлүмүнө, Нарын райондук китепкана кызматкерлерине, Иш чарага активдүү катышкан Нарын районундагы мектеп жетекчилигине жана жалпы командаларга терең ыраазычылык билдиребиз!
Нарын райондук билим берүү бөлүмү