УЛУТТУК НАРК — УЛУТТУК БИЛИМ

  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, 2021-2026-жылдарда “Инсандын руханий-адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын ырааттуу уландысы “Улуттук нарк” Жарлыгын ишке ашырууда айрыкча жаш муундарды өз мекенин сүйүүгө, улуттук нарк-насилибизди, каада-салт үрп-адатыбызды аздектөөгө тарбиялоо максатында “23-апрель Бүткүл Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн” өткөрүүдө улуттук нарктуулукту жайылтуу жана келечек муундун арасында китеп окууну жандандыруу үчүн уюштурулган “УЛУТТУК НАРК-УЛУТТУК БИЛИМ” аттуу маданий иш чара 28-апрелде «Ордо» этно комплексинде  болуп өттү.

Маданий иш чараны өткөрүү алдында бир ай мурун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Жобо бекилип, анда мектеп окуучулары арасында Т.Касымбековдун “Сынган Кылыч” романын толугу менен окуу сынагы жарыяланып, онлайн форматта тест тапшыруу тапшырмасы берилген.

Сынак  келечек муундарга кыргыз улутунун уюткусун, түпкү уңгусу болгон улуттук нарк-насил, каада-салт, үрп адат, жөрөлгөлөрүн, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарын жайылтуу жана даңазалоо,  китеп аркылуу жаш муундарга улуттук нарк-насил, каада-салтты таанытуу жана дене боюна сиңирүү, китеп окуу менен келечек муундардын дүйнө таанымын, ой-чабытын, ой-өрүшүн өстүрүү, кыргыз маданиятын жана китеп окуу маданиятын өркүндөтүү максатын көздөдү.

Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 20-январындагы Нарын районунун мектептеринде «Балдарга позитивдүү тарбия берүү» жөнүндөгү №14-б — буйругуна ылайык окуучуларды позитивдүү тарбиялоого багытталган иш чаранын жыйынтыгындагы жеңүүчү окуучулар келип, кыргыз уңгусун туюндурган сахналаштыруу көргөзмөсүн келген конокторго тартуулашты. Мындане сырткары иш-чара таланттуу балдардын Манас айтуу жана концерттик программасы менен коштолду.

Маданий иш чарага коомдук ишмер Мамбетасан Ибраев, психолог Сүйүн Калчаев, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков, төкмө акын Нурсултан Малдыбаев жана жаш талант Шумкар Тынчтык уулу келип, алтындай баалуу кеп-кеңештери менен бөлүшүп, балдарды китеп окуу менен кана ийгиликке жетээрин баса белгилешти.

Соңунда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Нарын районунун 33 мектеп окуучусуна “Алтын көпүрө” иш чарасынын алкагында Жалал-Абад шаарына жолдомо тапшырылды.

Окуучулардын 2023-жылдын 3-июнунда Жалал-Абадка барган сапардын болгон чыгымын Нарын районунун кулуну, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сеңирбаев Алтынбек Жыргалбаевичтин демөөрчүлүгүндө каржыланат.

Келечек муундардын камы үчүн иш чаранын өтүшүн Демилгелеген Нарын райондук мамлекеттик администрациясына, Иш чаранын өтүшүнө демөөрчүлүк жана башка салым кошкондугу үчүн Нарын шаарындагы «ОРДО» этнокомплексине, Нарын райондук маданият бөлүмү, Нарын райондук Э.Ибраев атындагы китепканага, Нарын токой чарба башкармалыгына, Нарын райондук прокуратурасына, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө, Нарын социалдык «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» иш чарага демөөрчүлүк көрсөткөн агаларыма Алтынбек Сенирбаев, Эсенгул уулу Рахат, Эльмира Исаковага, Назгуль Акматова жана Казыбек Асылбеков, «ОРДО» этнокомплексинин жетекчиси Саламат агама жана демиме-дем, күчүмө-күч кошкон мекеме ишканаларга: Нарын Рай Китепкана, Нарын Райондук Маданияты, Нарын Билим Берүү, Нарын райондук прокуратура, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө, Нарын райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына терең ыраазычылык билдиребиз.

Биргеликте алып барылган иштен сөссүз оң натыйжа болоору баарыбызга маалым, ошондуктан биргеликте келечек муундардын камын көрүү учур талабы!

Добавить комментарий