УЛУУ «МАНАС» БАЯНЫ — ТЕҢИР-ТООДО

     2023-жылдын 3-майында КР Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын жана “Улуттук нарк” жөнүндө Жарлыктарынын алкагында республикабыздын бардык аймактарында өткөрүлүп жаткан “Урааным Манас” кароо-сынагын улай Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нарын районунун 1226 жаш манасчыларынын айтуусунда улуу “Манас” баянын айтып, «МАНАСТАП» ураан чыкырышты.
     Нарын районунун орто мектептеринин окуучулары жана бала бакчаларынын кичинекей жаш жеткинчектери катышкан бул саамалыкка Нарын облусунун, районунун жетекчилиги катышып, жаш манасчыларга ийгилик каалашты.
      Нарын райондук билим  берүү бөлүмү Иш чарага балдарды, окуучуларды даярдап, коопсуздугун карап, иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө өзүлөрүнүн зор салымын мектеп жетекчилигине, жалпы агай — эжейлерге  терең ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий