2023-жылдын 5-сентябрда Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айыл аймагында 75 орундуу жаңы «Таберик-Эмгек-Талаа» балдар бакчасынын имараты пайдаланууга берилди.
Жаңы бала бакчанын имаратты республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беринесинин эсебинде каржыланып, курулуш иштери 2015-жылы курулуш иштери башталып кийин акча каражаты бөлүнбөй, курулуш иштери токтоп калган.
2022-жылдын май айынан баштап кайра курулуш иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик бюджеттен 32 миллион сомго 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди.
Бала бакча салтанаттуу ачылып, ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович ,
райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова жана айыл тургундары катышып, бала бакчанын ачылышы менен жергиликтүү тургундарды куттукташты.Бала бакчага азыркы учурда 100 бала кабыл алынды .
райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова жана айыл тургундары катышып, бала бакчанын ачылышы менен жергиликтүү тургундарды куттукташты.Бала бакчага азыркы учурда 100 бала кабыл алынды .