2025-жылдын 4-мартында «ЖАҢЫ ЫКМАЛАР АРКЫЛУУ ТАРБИЯЛЫК ИШ ЧАРАЛАРДЫ УЮШТУРУУ: КӨЙГӨЙЛӨРДҮ АНЫКТОО ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ» аталышындагы райондук деңгээлдеги семинар өтүлдү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Б.Исакова, мектеп директорлору жана мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар катышышты. Иш чараны уюштурган Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б.А.Орозалиева .
Максаты:
1.Жашы жете электер жана мектеп
окуучулары арасында кылмыштуулуктун, укук
укук бузуулардын алдын алуу жана
көйгөйлөрдү аныктоо менен заманбап ыкмаларды колдонуу, чечүү жолдору
2.Кылмыштуулуктун, зомбулуктун жана баңгизат колдонуунун алдын алууда спорттун жардамы менен турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү , күнүмдүк талаптарды, стресстерди жана адамдар ортосундагы жаңжалдарды натыйжалуу жөнгө салуу
3. Мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу
Семинардын жүрушү 2 бөлүктөн туруп, 1 – бөлүгундө :
1) “Мектеп жана үй-бүлө – кылмыштуулукка каршы күрөштө”
( Керимбай уулу Сарыбай а.о.м)
2). “Зордук-зомбулуксуз мектеп”( Ө.Токтосунов а.о.м.)
3). Мектеп рекетчилигине жол бербөө жана аны токтотуу”
(Түгөл уулу Усупбек а.о.м.)
4) “Өзүнө кол салуунун алдын алуу жана аны чечүү жолдору”
( М.Осмонов а.о.м.)
5) Жаркын келечек”, “Эрте никеге туруунун алдын алуу”
( А.Жутакеев а.о.м.)
6) “Диний экстремизм, терроризм”, “Адам сатуу жана улуттар аралык касташууну болтурбоо”( А.Аралбаев а.о.м.) деген темаларда прототиптер жасалып, презентациялар жакталды.Ар бир темага атайын слайддар көргөзүлүп, дубал газеталар илинип, бурч уюштурулду. Ал эми 2-бөлүгү
кылмыштуулуктун зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында “Күчтүү сапаттарыбызды өнүктүрөбүз” деген темада спорттук иш чара менен жыйынтыкталды .