й

2023-жылдын 5-июлунда Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эмгекчил айлындагы Оро-Башы жана Кара-Бук жайлоосунда “Эмгекчил-келечеги” бала бакчасынын жайлоо өнүгүү борборунда “Жайлоо өнүгүү борборунда балдардын майда моторикасын өнүктүрүү” аталышындагы облустук деңгеелдеги семинар болуп өттү
Ага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Садыкова жана Нарын, Ат-Башы,Ак-Талаа районунун акимдеринин орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн  башчылары жана Нарын райондук ИИБнүн  өкүлдөрү катышты.

Тажыйырба алмашуу максатында өткөрүлгөн бул семинарда эс алууга келген балдарга түрдүү мастер класстар көргөзүлүп,  кызыктуу сабактар өтүлдү.Азыркы учурда Нарын районунда 6 жайлоо бала бакчасы иштеп жатат алардын экөө “Эмгекчил-Келечеги “бала бакчасына тийиштүү

Яндекс.Метрика