2023-жылдын 26-27-январь күндөрү Бишкек шаарындагы инновациялык билим берүү жана аны башкаруу багыты боюнча тажрыйба алмашуу үчүн уюштурулган «Жемиштүү иштин башаты – мыкты тажрыйба» аттуу жолугушуу иш чарасы болуп өттү.
Бишкек шаарындагы алдынкы билим берүү жана аны башкаруу тажрыйбасы бар билим берүү мекемелеринин иши менен таанышуу максатында уюшулган иш чарага Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова жетектеген Нарын районунун билим берүү мектептеринин жетекчилери катышты.
Эске сала кетсек, Нарын райондук билим берүү бөлумүнүн 2022-жылдын 8-декабрындагы №167-буйругу менен бекитилген «Нарын районундагы билим берүүнүн инновациялык стратегияларын жайылтуу жана мектептердеги башкаруу сапатын жакшыртуу үчүн атайын түзүлгөн пилоттук мектептер менен иш алып баруу тартибин жөнгө салуу тууралуу жобосуна ылайык өз каалоосу менен катталган мектептердин тизмеси түзүлгөн.
Аталган тажрыйба алмашуу иш чарасы ушул жобого ылайык эң алгачкы иш чарасы болуп эсептелинет.
Иш сапар алгачкылардан болуп Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69 – окуу тарбия комплексинде башталды.
Катышуучулар үчүн мотивация жараткан окуя Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакуновдун жолугушууга келиши болду. Министр өзүнүн сөзүндө учурдагы билим берүүдөгү жаңы багыттар, талаптар, PISA – 2025 иш чарасына даярдык жана кызматкерлердин эмгек акысына байланышкан маселелерге токтолду. Мындан сырткары иш чараны уюштурулуп жатышы билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жасалган чоң кадам экендигин белгиледи. «Жалгыз жүрсөм өзүм жакшы, жалгыз чапсам атым күлүк» — деген кыргыздын накыл кебинде белгиленгендей, башка чөйрө менен байланышпастан эле бир жерде иш боло берсе эч качан өнүгүү болбойт. Өнүгүүнүн зор кадамынын бир тажрыйба топтоо болуп эсептелет эмеспи. Дал ушул сыяктуу маселелерди өз сөзүндө камтыган Улан Мамбетакунов катышуучулардын суроолоруна жооп узатты.
Токтогул Сатылганов атындагы №69-окуу тарбия комплексинин кире бергенде эле тосуп алган 100дөн ашуун комузчу, ооз комузчу жаш таланттардын кыргыздын күүлөрү менен тосуп алуусу, кийинки кабаттагы Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жасалган инцинировкада окуучулардын таланты, алардын аткаруучулук чеберчилиги катышуучулардын суктануусун жаратты.
Мындан сырткары химия, биология, немец тили боюнча ийримдин иши боюнча сабактар. Мектептеги кытай, немец тил борборлорунун иши көңүл кубантаарлык. Мындан сырткары мектептин директору Сайрагүл Атаева баштаган мектеп жетекчилигинин мектепти башкаруу, билим берүү тутумун көзөмөлгө алуу, коомчулук жана ата-энелер менен иш алып баруу, финансылык башкаруу боюнча бир катар иш тажрыйбалар боюнча иш тажрыйбалары менен бөлүштү.
Мектептин өзгөчөлүгү жана баалуулугу катары, азыркы глобализация доорундагы балдардын кулк мүнөзүнүн калыптанышына жасалган кадамдар болду. Шаар жергесиндеги окуучулардын кыргыз тилин сактоо маселесинде көйгөйлөр, кыргы элине тиешелүү нукура нарктуулук, улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо боюнча алгылыктуу иштерди жасалып жаткан мамлекеттик билим берүү мекемесинин үлгүсүн көрө алдык.
Мамлекеттик мектеп катары, аталган мектептин окуучуларга тил үйрөтүү менен катары кыргыз тилинин нукуралыгын сактап калуу, окуучуларга кесиптик багыт берүү, окуучулардын маданий баалуулуктарын калыптандыруу ж.б.у.с. багыттагы иш тажрыйбасын өлкөбүздүн башка мектептерине жайылтуу учур талабы десек дагы болот.
Кийинки сапар Бишкек шаарындагы жаңыдан ишин баштаган «Маариф» билим берүү комплексинен уланды. Бул билим берүү мекемесине баруунун максаты билим берүүнүн эле аралык тажрыйбасы менен танышуу эле.
Киргенден эле көзгө урунган өзгөчөлүк окуучулардын билим алууга, кызматкерлердин иштеши үчүн түзүлгөн шарттар жана кызматкерлерге кылынган мамиленин башкача формасын байкадык. Мектептин директору Метин мырза, жергиликтүү билим берүү прораммасы боюнча координатор Кыялбек Акматов агайыбыз, мектептин психологу эл аралык тажрыйба менен айкалыштырып алып барылып жаткан иштер алардын өзгөчүлүгү, аларга байланышкан көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча маалымат берилди.
Иш сапар 27-январь күнү билим берүү системасынын менчик мектептердеги абалын көрүү максатында, Креатив Таалим билим берүү комплексинде уланды. Мектеп билим берүү ишмердүүлүгүн кыргыздын улуттук этнопедагогикасына негизделгендиги кире бериштен эле байкалып турду. Мектеп жетекчилиги мектептеги билим берүүнү башкаруу системасы, усулдук өзгөчөлүктөр, ааламдашуу доорундагы дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды адаптациялоо багытындагы иштер жөнүндө маалымат берип, мектепке саякат уюштурулду.
Билим берүү мекемеси жаңыдан түптөлгөнүнө карабастан, бир катар ийгиликтердин жаралышы, жаңы идеялар, мектептин башкаруунун башкача системасы, айрыкча өнүгүү багытынын, окутуу усулдарынын улуттук педагогика менен дүйнөлүк мыкты окутуу ыкмаларына негизделген, Кыргызстандын билим берүү тутумуна ылайык тартип иштелип чыккандай сезилип турду. Билим берүү комплексинин ичиндеги боз үйлөр, окуучулардын ошол аркылуу интеграцияланган мыкты турмуштук тажрыйбага негизделген билим алып жаткандыгына күбө болдук.
Мекеменин дагы бир өзгөчөлүгү дубалдагы окуу көрнөктөрүнүн жөнөкөй күнүмдүк каражаттардан, тез – тез алмаштырып турууга мүмкүн болгон «тирүү» дубал көрнөктөрү болду. Билим берүү мекемеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Оодарылган класс», «Педагогикалык тур» сыяктуу тажрыйбалар, мектепти башкаруунун демократиялык мыкты формасы жалпы республикабыздын билим берүү мекемелерине жайылтуу учур талабы экендигин байкай алдык. Менчик экендигине карабастан мамлекет тарабынан мындай билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүп, тажрыйбаларын жайылтуу иш аракеттери иштелип чыкса, Кыргызстандын билим берүү системасына зор салым кошкон болоор эле.
Иш сапарыбыздын жыйынтыктоочу бөлүгү Ч.Айтматов атындагы Кембридж мектеби жана Республикалык мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан жыйынтыкталды. Дүйнөдөгү алдыңкы билим берүү тутуму болуп саналган Кембридж окутуу системасы менен окуучуларга билим берип жаткан билим берүү мекемесине саякат болуп, иш тажрыйбасы менен бөлүштү.
Республикалык мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун эмгек жамааты жылуу тосуп алуу менен, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда жасалып жаткан иштер алардын ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат менен бөлүшүштү.
Учурдагы билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, билим берүү стандарты тууралуу айтылып, суроо жооп менен коштолду.
Бул иш сапар Нарын районундагы билим берүү иш аракети үчүн зор салым кошооруна инешебиз. Себеби, ар бир баш баккан мекеменин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү биз үчүн мыкты сабак болду десек жаңылбайбыз.
Сөз аягында, иш сапарга жакындан колдоо көрсөткөн билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакуновго, .Токтогул Сатылганов атындагы №69- окуу тарбия комплексинин директору Сайрагүл Атаева жана жалпы эмгек жамаатына, «Маариф» билим берүү комплексинин директору Метин мырзага жана Кыялбек Акматовго, «Креатив Таалим» билим берүү комплексинин директору Гүлнара Дайырбековага, Ч.Айтматов атындагы Кембридж мектебинин директору Эмил Рыскуловго, Республикалык мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору А.Токтомамбетовго, Маалыматтык коолдоосу үчүн Кут билим медиа борборуна терең ыраазычылык билдиребиз.
Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна