НАРЫНДЫК ОКУУЧУ ДУБАЙДА ӨТКӨН АНГЛИС ТИЛИ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН ЖАНА АЛМАЗ МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ
2025-жылдын 13–17-июнь күндөрү Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучусу Жоодар Талантбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы англис тили боюнча эл аралык JEO олимпиадасында Кыргызстандын атынан катышып, зор ийгиликке жетишти.
Олимпиадага жалпысынан 18 мамлекеттен таланттуу жаштар катышып, тил билүү, логика жана чыгармачылык жөндөмдөр боюнча күч сынашты. Жоодар бул сынакта жогорку балл топтоо менен алтын медалга ээ болду.
Мындан тышкары, олимпиадада медаль алган катышуучулардын арасынан эң мыкты деп табылып Ж.Талантбеков Даймонд (алмаз) медалы менен сыйланды . Бул сыйлык эң жогорку жетишкендик көрсөткөн катышуучуга гана ыйгарылат.
Бул ийгиликке жетишүүгө салым кошкон мугалимдерге, ата-энесине жана бардык колдоочуларга ыраазычылык билдиребиз!